САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 26-сентябры №45
Ак-Терек айылындагы муниципалдык көпүрөдөн жүк ташып өткөн автоунаалардан акы алып өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылындагы “Жазы” дарыясындагы муниципалдык көпүрөдөн көмүр жана башка жүк ташып өткөн автоунаалардан ар бир каттамы үчүн 100-00 (жүз ) сомдон акы алынсын жана жооп бере турган каттоочу адам дайындалсын.
2. Муниципалдык көпүрөдөн түшкөн акча каражаты көпүрөнүн ремонтуна жумшалсын жана акча каражатын мыйзамдуу жол менен кириш, чыгыш жүгүртүүлөрүн жүргүзүү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика бюджет.экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу коммиссиянын төрагасы Кулмурзаев Сейитбекке жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И.Д. |