САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 26-сентябры №46
Жер маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликттүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып жана жалпы депутаттардын добушуна ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын жетинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин сунушуна ылайык айыл өкмөтүнүн 3,55 (үч гектар 55 сотых) КБФнын жер аянты сел, суу ташкыны алып кеткендигине байланыштуу жер ээлеринен салык жана соцфонд төлөмдөрүнөн бошотуу жагы суралсын
2. Тиешелүү жерлерден жер ээлери мындан ары пайдалануу үчүн мыйзамдуу чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан жана жер адисинен суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр-жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо-кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Таштемировко жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И.Д. |