Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы №7
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылган) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2017-жылга калган калдык акча каражатын бекитүү, 2018-2019-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга карата киреше бөлүгүнүн аткарылышы 41456,5миң сомго, же 117,1 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 35227,2 миң сомго, же 91,1 пайызга аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 25930,2 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 25930,2 миң сомго бекитилсин.
3. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетине калдык болуп калган 9387,4 миң сом, чыгаша болуп ушул сессияга сунушталган сметанын негизинде жумшалсын.
4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга карата бюджеттин долбоору бекитилсин.
5. Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
6.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 - токтомунун негизинде бардыгы - 38 кызмат орду, мындан - 4 штат техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер, 7 штат айыл башчылар жана 7 штат АКСнун(ВУС) инспекторлору болуп бекитилсин.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн маданият тармагындагы кызматкерлердин - 6 штаты бекитилсин.
7. Айылдык кеңштин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу жактырылсын.
8. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |