Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы №8
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылган) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги: “КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын отчетундагы сунушу” боюнча 19.12.2016-жылдагы № 01-12-932 каты жөнүндөгү” маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө “КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын отчетундагы сунушу аткарууга алуу жүктөлсүн.
2. Аудиттин жыйынтыгы боюнча эскертүү берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 09.01.2017-жылдагы № 2-буйругу жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБине төмөнкүлөр жүктөлсүн
- Аудиттин жыйынтыгы боюнча бухгалтердик эсептеги келтирилген кемчидиктерге мындан ары жол берилбесин,
- Эмгек акы төлөөдө тиешелүү нормативдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |