Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/1
Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан«RМ GROUP» (Эр Эм Групп) жоопкерчилиги чектелген коомуна 2016-жылдын 21-сентябрында берилген 4949СЕ лицензиясынын негизинде жер аянтын кароо жана геологиялык чалгындоо максатында 3436 CР лицензиясынын негизинде жер аянтын кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан «RМ GROUP» (Эр Эм Групп) жоопкерчилиги чектелген коомуна 2016-жылдын 21-сентябрында берилген 4949СЕ цензиясынын негизинде жер аянтын кароо жана геологиялык чалгындоо максатында 3436 CР лицензиясынын негизинде жер аянтын кароо боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнө караштуу Алдаяр көмүр кенин казып иштетүү максатында жер казынасынын пайдалануу укугуна 2016-жылдын 21-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасынан пайдаланууга мамлекеттик 4949 СЕ лицензиясынын негизинде 20,28га жер аянты көмүр казып алуу үчүн уруксат берилсин.
2. Корул айыл өкмөтүнө караштуу Алдаяр көмүр кенин чалгындоо максатында жер казынасынын пайдалануу укугуна 2016-жылдын 21-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасынан пайдаланууга мамлекеттик 3436 СР лицензиясынын негизинде 50,22 га жер аянты чалгындоого уруксат берилсин.
3. Корул айыл өкмөтүнүн келишиминде койгон талаптарын «RМ GROUP» (Эр Эм Групп) жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан аткарылсын (тиркеме тиркелет).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго, айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |