Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/10
Корул айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу «Кыргызмамжердолбоор» институтунун калктуу конуштарынын чек арасын аныктап, тактоо боюнча материалдарынын негизинде Корул айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» институту иштеп чыккан Тогуз-Булак, 1-Май, Кең-Жылга айылдары боюнча Корул айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын аныктап, тактоо материалдары бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |