Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 4
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2015-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 13391,1 сом казыналык эсепте иштетилбей калгандыгы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдагы айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинен казналык эсепте иштетилбей 13497090 сом калгандыгы белгиленсин.
2. Жергиликтүү бюджетинен казналык эсепте иштетилбей калган 13497090 сом акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
Аппараттын чыгымдарына-5691129 сом
Мектептердин чыгымдарына-5862439 сом
Бала бакчалардын чыгымдарына-1797500 сом
Клубдардын чыгымдарына-25000 сом
Китепканалардын чыгымдарына-15000 сом
Аппараттын атайын эсебине-72872 сом
Бала бакчалардын атайын эсебине-33150 сом
Бардыгы-13497090 сом
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н. Маматаипов |