Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 7
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-статьясына ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэффициенттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-статьясында белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө комерциялык коэффициент 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-статьясында белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө комерциялык коэффициент өлчөмү дүкөндөр үчүн төмөндөгү таблицанын негизинде жана АЗСтер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлар 0,2 сом жана тоо кен иштеткен ишканалардын имараттары жана соружениелери үчүн 0,3 сом м2 бекитилсин.
Площадь м2 | 10м2 чейин | 10-20 чейин м2 | 20-35 м2 | 35-50 м2 | 50 андан жогору м2 |
Ккнын негизи | 22.5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н. Маматаипов |