Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 8
Айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланган жер аянттарын салык өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланган жер аянттары үчүн аренда акысы 110,0 сом жана жер салыгы 73,0 сом салык төлөмү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н. Маматаипов |