Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 12
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясынын негизинде юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын базалык ставкалардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясынын негизинде юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын аймактын татаал климаттык шартына ылайык жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмүн бекитилсин.
Кашка-Суу айылы боюнча -73,0 сом
Ачык-Суу айылы боюнча -80,50 сом
Кабык айылы боюнча -56, 0 сом
Кара-Кабак айылы боюнча- 77,30 сом
Жайылма айылы боюнча -73,0 сом
Бурган-Суу айылы боюнча -73,0 сом
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н. Маматаипов |