Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 14
Кашка-Суу айылдык аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун 2015-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчетун угуп, өнбөй келген эски жайыт пайдалануу үчүн төлөмдөр чогулбагандыгын жана тиешелүү иштердин жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеп, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун 2015-жылдагы комитетте, аткарылган иштери боюнча айрым кемчиликтерин эске алуу менен отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Өнбөй келген эски жайыт пайдалануу үчүн төлөмдөрдү чогултуу 2016-жылдын июнь айына чейин чогултуу жагы А.Гайыповко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н. Маматаипов |