Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 15
Кашка-Суу айылдык аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун 2016-жылга карата Жайыт комитетинин бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата киреше бөлүгү 465070 (төрт жүз алтымыш беш миң жетимиш) сом.
-Бодо малдын жалпы саны 3810 баш, ал эми бир башка баасы 43,5 сом жалпы суммасы 165735 сом.
-Кой, эчки жалпы саны 26350 баш, ал эми бир башка 8,5 сом жалпы суммасы 223975 сом.
-Жылкы 1256 баш, бир башка 60 сом жалпы суммасы 75360 сом.
2. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата чыгаша бөлүгү 439022 (төрт жүз отуз тогуз миң жыйырма эки) сом.
Жайыт салыгы бир айда 84819 сом, ай 2,75 (коэффиценти) жалпы суммасы 233252,25 сом.
Эмгек акы төраганын бир айына 8000 сом, 12 айына 96000 сом
Бухгалтердин эмгек акысы 3000 сом, 12 айына 36000 сом
Соц.фондко чегерүү бир айда 1897,5 сом ай 12,00 (коэффициенти) жалпы суммасы 22770 сом, транспорт чыгымдары жалпы 10 000 сом
Ар түрдүү чыгымдар бир айда 416,7 сом, 12 айда 5000 сом.
Кызматкердин эмгек акысына 3000 сом 12 айда 36000 сом.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н. Маматаипов |