Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 16
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун Кабык айылындагы спорт залдын курулушуна өздүк салым үчүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен 4232939 (төрт миллион эки жүз отуз эки миң тогуз жүз отуз тогуз) сом карап берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабык айылындагы спорт залдын курулушуна өздүк салым үчүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен 4232939 (төрт миллион эки жүз отуз эки миң тогуз жүз отуз тогуз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Н.Маматаипов |