Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 21-июну № 23-3
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси М. Эргашованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси М. Эргашованын маалыматы эске алынсын.
2. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди окутуу менен, мамлекеттик программаларда белгиленген иш чараларды аткаруу, жаңы инновациалык ыкмаларды колдонуу, окуучуларды ар тараптан гармониялык өнүктүрүү, патриоттуулукка жана мекенди сүйүүгө тарбиялоону колго алуу айыл Өкмөтүндөгү мектептердин директорлоруна тапшырылсын.
3. Предметтер боюнча мектеп окуучулары арасында өткөрүлүүчү райондук, областык, республикалык олимпиадаларга окуучуларды катышуусун камсыз кылуу жана окуучуларды олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешине жетиштирүү боюнча мектептердин мугалимдери бардык иш чараларды көрүүсү белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |