Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну № 23-4
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында калктын ден-соолугун чыңдоо багытында үй-бүлөөлүк дарыгерлер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштери жана мамлекеттик “Туберкулез,” Энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүндөгү үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Мирзаева Бахтиерхондын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын ден-соолугун чыңдоо, мамлекеттик “Туберкулез”, Энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча №1- үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Б. Мирзаеванын маалыматы эске алынсын жана бул багытта аткарылып жаткан иштерде кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жекече жоопкерчилигин сезүү менен мындан ары айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, көчө комитеттери менен биргеликте калк арасында туберкулез оорусун, энелик жана балалык ооруларын алдын алуу боюнча профилактикалык текшерүүлөрдү жана майнаптуу санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүнү колго алсын.
3. С. Юсупова айыл өкмөтү КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте туберкулез оорусу менен ооругандарга өзүнүн бюджетинен стационардык дарыланууга, даары дармектерди сатып алууга ажыратылган каражатты ъз убагында берилишин камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси М. Эргашовага жүктөлсүн.
С.Юсупов айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |