Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну № 23-7
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Якупов Зокиржон Умаралиевичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү көп жылдардан бери навес куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага алган 1200 м2 жер тилкесин жеке менчикке сатып алууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Якупов Зокиржон Умаралиевичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү көп жылдардан бери навес куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага алган 12 м2 жер тилкесин жеке менчикке сатып алууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 25-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү 1200 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталсын.
2. Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү 1200 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда түздөн-түз сатуу айыл өкмөтүнүн Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Якупов Зокиржон Умаралиевичке жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
3. Аталган жерди жеке менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Маннанов |