Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну № 23-9
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Х. Айтбаевтин мурда мөөнөттүү пайдалануу үчүн Октябрь айылындагы кайрак жерлерден алган 3,9 га кайрак жердин пайдалануу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу пайдалануу мөөнөтүн узартып 25 жылга ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Х. Айтбаевтин мурда мөөнөттүү пайдалануу үчүн Октябрь айылындагы кайрак жерлерден алган 3,9 га кайрак жердин пайдалануу мөонөтү аяктагандыгына байланыштуу пайдалануу мөөнөтүн узартып 25 жылга ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 25-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы кайрак жерлерден алган 3,9 га кайрак жер аянты айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда Октябрь айылынын тургуну Х. Айтбаевге 25 (жыйырма беш) жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Маннанов |