Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну № 23-11
Араван айылынын Чарбак көчөсүнүн тургуну Ахматжонова Ширманхон Кочкаровнанын Араван айылынын Азизохунов көчөсүндөгү жеке менчикке сатып алган нан заводундагы тегирмен багытындагы жер тилкесинин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Чарбак көчөсүнүн тургуну Ахматжонова Ширманхон Кочкаровнанын Араван айылынын Азизохунов көчөсүндөгү жеке менчикке сатып алган нан заводундагы тегирмен багытындагы 712,0 чарчы метр жер тилкесинин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 49-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Чарбак көчөсүнүн тургуну Ахматжонова Ширманхон Кочкаровнанын Араван айылынын Азизохунов көчөсүндөгү жеке менчикке сатып алган нан заводундагы тегирмен багытындагы 712,0 чарчы метр жер тилкесинин айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |