Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 21-июну № 23-14
АРИС долбоорунун негизинде муниципалдык менчик катары курулуп жаткан айыл чарба айбандарын жасалма жол менен уруктандыруу пунктуна жер ажыратуу жөнүндө
АРИС долбоорунун негизинде муниципалдык менчик курулуп жаткан айыл чарба айбандарын жасалма жол менен уруктандыруу пунктуна жер ажыратуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 25-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы М. Султанов көчөсүндө жайгашкан мурдагы колхоздун кампасына тийиштүү болгон жерден айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда муниципалдык менчик катары айыл чарба айбандарын жасалма жол менен уруктандыруу пункту курууга жер ажыратууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерге курулуш куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмъөгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Маннанов |