Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну № 23-15
Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Джураев Шавкат Ибрахимовичтин жеке менчик 772,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер аянтынын 255,0 чарчы метрин ашкана жана соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Джураев Шавкат Ибрахимовичтин жеке менчик 772,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер аянтынын 255,0 чарчы метрин ашкана жана соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 49-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Джураев Шавкат Ибрахимовичтин жеке менчик 772,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда 255,0 чарчы метрин ашкана жана соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |