Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 21-июну № 23-16
Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Сидиков Икромжон Махаматовичтин Араван айылынын Пахта-Арал участкасындагы атасынан мураска калган жеке менчик навесине тийиштүү болгон жер аянтын сатып алууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Сидиков Икромжон Махаматовичтин Араван айылынын Пахта-Арал участкасындагы атасынан мураска калган жеке менчик навесине тийиштүү болгон 120,78 чарчы метр жер аянтын сатып алууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 44-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Сидиков Икромжон Махаматовичке Араван айылынын Пахта-Арал участкасындагы жеке менчик навеске тийиштүү болгон 120,78 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда түздөн-түз сатуу жолу менен жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерди жеке менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |