Редакцияот 21.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 23-сессиясы

 

2016-жылдын 21-июну № 23-17

Айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Каликова Гавхарой Анарбаевнанын Октябрь айылындагы жеке менчик жер тилкесине турак үй курууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Каликова Гавхарой Анарбаевнанын Октябрь айылындагы жеке менчик 1000,0 чарчы метр жер тилкесине турак үй курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 49-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Каликова Гавхарой Анарбаевнанын Октябрь айылындагы жеке менчик 1000,0 чарчы метр жер тилкесине айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда турак үй курууга макулдук берилсин.

2. Аталган жерге турак үй куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Б.Маннанов