Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 21-июну № 23-19
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер ажыратуу максатында айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы мал-коро (ферма) багытындагы жалпы аянты 11 га жер аянтты, турак жай багытындагы жер аянтына өзгөртүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн элинин жеке менчик турак үй курууга жер ажыратуу жөнүндөгү арыздарын канааттандыруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 32, 73-беренелерин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер ажыратуу максатында айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы мал-коро (ферма) багытындагы жалпы аянты 11 га жер аянтты, турак жай багытындагы жер аянтына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди турак жай багытындагы жер аянтына өзгөртүү (перепрофилирования) зарыл болгон документтерди даярдап, тийиштүу жогорку турган ишкана мекемелер менен макулдашып иш жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |