Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну № 23-20
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Б. Айдаров Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден баштап, Ибн-Сина көчөсү С. Юлдашев көчөсү аркылуу Араван райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу ишканасынын имаратынын алдына чейинки жолду асфальттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Б. Айдаров Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден баштап, Ибн-Сина көчөсү С. Юлдашев көчөсү аркылуу Араван райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу ишканасынын имаратынын алдына чейинки жолду асфальттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Б. Айдаров Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден баштап, Ибн-Сина көчөсү С. Юлдашев көчөсү аркылуу Араван райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу ишканасынын имаратынын алдына чейинки жолду асфальттоо боюнча проекттик-сметалык долбоор даярдалсын.
2. Аталган жолду асфальттоо боюнча проекттик-сметалык долбоордо каралган каражатты айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн каражаттан жана 2017-жылдагы бюджетинин эсебинен ажыратууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |