Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 21-июну № 23-21
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Нурматов Фарходбек Кодировичтин айыл өкмөтүнүн Канал участкасындагы талаа станы болуп турган 1980 м2 жер тилкесин мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Нурматов Фарходбек Кодировичтин айыл өкмөтүнүн Канал участкасындагы талаа станы болуп турган 1980 м2 жер тилкесин мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 25-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Канал участкасындагы аэродромдун алдындагы талаа станы болуп турган 1980 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталсын.
2. Канал участкасындагы аэродромдун алдындагы 1980 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда аукцион өткөрүү менен мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Аталган жерди мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |