Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 24-сессиясы
2016-жылдын 30-июлу № 24-3
Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинин 15.07.2016-жылдагы чыгуу №05-10/1574 саны менен катталган катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинин 15.07.2016-жылдагы чыгуу № 05-10/1574 саны менен катталган катын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Р. Акбарованын маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2014-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” №145-токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2014-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” №145-токтому менен бекитилген типтүү келишимге ылайык С. Юсупова айыл өкмөтү менен Араван районунун мамлекеттик статистика башкармалыгы ортосундагы 20.07.2016-жылдагы келишим бекитилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтү түзүлгөн келишимдин шарттарын толук аткарууга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана айылдык кеңештин укук тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Маннанов |