Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин кезексиз 19 сессиясы (5-шайланган)
2016-жылдын 4-марты № 1
Э. Алыкулов атындагы орто мектептин имаратындагы жамааттык бала бакчанын каржылоо булагын кароо жөнүндө
Э. Алыкулов атындагы орто мектептин имаратындагы жамааттык бала бакчанын каржылоо булагын аныктоо боюнча кайрылган кайрылууларды жана сунуш пикирлерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э. Алыкулов атындагы орто мектептин имаратындагы жамааттык бала бакчанын штаттык кызматкерлеринин бирдигин бюджетке киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация аркылуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылыш камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |