Редакцияот 04.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин кезексиз 19 сессиясы (5-шайланган)

 

2016-жылдын 4-марты № 3

Коргон участкасындагы магазиндин ордун калктуу конушка которуу жөнүндө

Коргон участкасындагы магазиндин ордун муктаж адамдар көп болгондуктан калктуу конушка которуу маселеси боюнча сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин" негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коргон участкасындагы магазиндин ордун муктаж адамдар көп болгондуктан калктуу конушка которулсун.

2. Токтомдун аткырылыш камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев