ТоктомКүчүндө

Папан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-мартындагы № 4 «Мончо, чач тарач, чайкана, бильярд, Зал курууга жер тилкесин кароо жөнүндө» токтому

Редакция04.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин кезексиз 19 сессиясы (5-шайланган)

 

2016-жылдын 4-марты № 4

Мончо, чач тарач, чайкана, бильярд, Зал курууга жер тилкесин кароо жөнүндө

Мончо, чач тарач, чайкана, бильярд, Зал курууга жер тилкесин ажыратуу боюнча башкы жер адиси К.Эрматовдун жана маселеси боюнча сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коргон участкасындагы магазиндин ордун муктаж адамдар көп болгондуктан калктуу конушка которулсун.

2. Токтомдун аткырылыш камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев