Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин кезексиз 20 сессиясы (5-шайланган)
2016-жылдын 27-майы № 3
2016-жылдын 04-мартындагы № 16 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2016-жылдын 04-мартындагы № 16 Айылдык кеңештин токтомуна ылайык, Папан айыл аймагынын 2005-жылы Учар участкасындагы банянын орду ген план боюнча Кайырма каналына 18 метр жакын жайгашкан жер, баня салууга берилген, бирок Баня мүмкүн болбогондуктан аны которуу боюнча сунуштарды карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын 2005-жылы Учар участкасындагы банянын орду ген план боюнча Кайырма каналына 18 метр жакын жайгашып, баня салууга мүмкүн болбогондуктан анын орду Учар участкасындагы 1,15 участкасына жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |