Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-майы № 5
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы Боо-Терек айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө ошол көчөлөрдүн жашоочуларынын атынан катталган арыздарды карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылынын Күмүштак жамаатындагы аты жок жаңы түшкөн көчөлөр; 1 көчө -“Сереков Бетен”, 3 көчө-“ Нурманбетов Алымкул“,”4 көчө- “Жорупбеков Жадыгер” атындагы көчөлөрү жана Орус мүрзөсунун жанындагы аты жок көчө “Сурапов Үзөн” көчөсү деп аталсын.
2. Ошол көчөлөрдө жашаган атуулдарга жогоруда аталган инсандардын аттары жазылган табличкаларды илүү жана оңдоо-түзөө (ремонт) иштерин жүргүзүү жагы демилгелүү топторго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн,
Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Алымкулова |