Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 2
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Улуттук статистика комитетинин макулдашуусун жана келишимин карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата райондук статистика бөлүмүнөн Боо-Терек айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө өткөрүлүп жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча келишим түзүү жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Алымкулова |