Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27- июлу № 3
Боо-Терек айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы. Боо-Терек айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө ошол көчөнүн жашоочуларынын атынан катталган арызды карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боо-Терек айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аты жок көчөгө “Акылбеков Омор” көчөсү деген ысымы берилсин жана ошол көчөдө жайгашкан турак жайларга “Акылбеков Омор” деген жазуусу бар табличкаларды илүү жагы демилгелүү топко тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Алымкулова |