Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXXVIII сессиясы
2016-жылдын 25-октябры № 290 /38-6
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылышында жасалган иштери боюнча Төраганын отчету жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүм, 3-беренесине ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Төрагасынын отчетун угуп, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин VI чакырылышында жасалган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |