Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 291/38-6
Талас шаардык жылуулук берүү ишканасынын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын иш планынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилдеринде көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекемелердин жылуулугун үзгүлтүксүз камсыздоо, ишкананын жалпы чарбалык жана тейлөө ишин жакшыртуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын (М.К.Мамадалиев) 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана мекеме уюмдарды жылуулук менен камсыздоо боюнча даярдык иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн, мекеме уюмдардын жылуулугун күз-кыш мезгилдеринде тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, көп кабаттуу үйлөрдө батирлердин жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен келишимдерди түзүү, карыз төлөмдөрүн өндүрүү жана батирлердеги жылуулук өтүүчү секциялардын ичин тазалоо боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Мекеменин дебитордук жана кредитордук карыздарын азайтуу боюнча иштиктүү аракеттерди көрүү жагы Талас шаарынын биринчи вице-мэринин (А.К. Койчубеков) көзөмөлүнө алынсын
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |