Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 292/38-6
Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2016-жылга карата иш планынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 6 Протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык билим берүү бөлүмүндө (Б.Керимбаев) мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин 2015-2016-жылдын күз - кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Б.Керимбаев) Талас шаарындагы № 5 орто мектептин жылытуу системасын ишке берүүдө орун алган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө тез арада иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү,электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) милдеттендирилсин
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |