Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 289/38-6
Талас шаарынын К.Каимов көчөсүндөгү 9983,0 м.кв.жер участогун К-2 зонасынан Ж-2 зонасына которууга макулдук жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 08.07. 2016-жылдагы № 01-5/940 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын К.Каимов көчөсүндөгү 9983,0 м.кв.жер участогун К-2 зонасынан Ж-2 зонасына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде мыйзам талаптарынын чегинде иш алып баруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу - мэриясына (биринчи вице-мэр А.Койчубеков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |