Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 294/38-6
Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 4-кварталына бекитилген сметасынан 10,0 миң сом акча каражатын 2111 (эмгек акы) беренесинен 2121 (пенсия фонду) беренесине которуп бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 24.10.2016-жылдагы №01-5/1323 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 4-кварталына карата бекитилген сметасынан 10,0 миң сом акча каражатын 2111 (эмгек акы) беренесинен 2121 (пенсия фонду) беренесине которуп каржылоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомго ылайык бюджетке өзгөртүү киргизип каржылоо жагы Талас шаардык каржы бөлүмүнө (Ж.Ниязалиев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |