Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 10
Кыштут айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Айдаров Артыкбайдын билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган «мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар 2221» статьясынын эсебинен 777,7 миң сом «дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу 2215» статьясына 54,7 миң сом которулсун, «3111 башка имараттарды сатып алуу жана куруу» статьясына 723,0 миң сом которулсун.
2. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыштут айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Зикиров |