Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 16
Кыргыз Республиксынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Мамлекеттик тилде: Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение – Айыл окмоту Кыштутского айылного аймака.
2. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн -мекемесинин иштелип чыккан жобосу бекитилсин.
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн -мекемесинин башчысы
А.Сейитмуратовко жүктөлсүн.
3. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Баткен району, Кыштут айылдык аймагы, Таян айылы.
4. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн -мекемесинин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнун башчысы А.Сейитмуратовко жүктөлсүн .
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Кыштут айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Зикиров |