Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 17
Кыргыз Республиксынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңеши-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Мамлекеттик тилде: Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңеши-мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение – Айылный кенеш Кыштутского айылного аймака.
2. Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин -мекемесинин иштелип чыккан регламенти бекитилсин.
3. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Баткен району, Кыштут айыл аймагы, Таян айылы.
4. Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин -мекемесинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнун башчысы А. Сейитмуратовко жүктөлсүн.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Кыштут айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Зикиров |