Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 21
Айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин мектептер бөлүмүнө каралган коммуналдык кызматтардын 2231 «электр энергиясына акы 22311200» статясынын үнөмүнүн эсебинен 480,0 миң сом,
2. Балдар бакчасы бөлүмүнө каралган коммуналдык кызматтардын 2231 «электр энергиясына акы 22311200» статясынын үнөмүнүн эсебинен 240,0 миң сом аппараттык башкаруу бөлүмүнүн 2222 статьясына «22221200 учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу» 720,0 миң сом которуу жолу менен жылдырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыштут айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Зикиров |