Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 23
Кыштут айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-мартындагы №114 токтомунун, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13/11 токтомунун, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 15-февралындагы №01-14/08 буйругунун негизинде Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Кыштут айыл аймагындагы жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, депутаттардын ой пикирлерин угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын жер фонду инвентаризациялоонун негизинде бекитилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Кыштут айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Зикиров |