Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 1
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында «Таза суу» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2016-жылдын 22-июлундагы №332-б буйругуна ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында таза суу муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылында түзүлгөн суу пайдалануучулар ассосациясын муниципалдык менчикке алуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковго тапшырылсын.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак жана Чоң-Талаа айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн карамагында суу пайдалануучулар ассосациясы түзүлсүн.
3. Баткен району Төрт-Гүл айыл өкмөтү каттоо датасы Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Чоң-Талаа айылы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковго тапшырылсын.
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Жалалов |