Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 4
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылына жаңы курулуп жаткан чек ара заставасына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
«Ак-Турпак» чек ара заставасынын башчысы капитан М.Турдиевдин 2016-жылдын 19-августундагы №1 чыгыш катына ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына жаныдан курулуп жаткан чек ара заставасына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына жаныдан курулуп жаткан чек ара заставасынын ачылыш аземине материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18000 (он сегиз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Кочкоровага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковго тапшырылсын.
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Жалалов |