Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 3
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 317413 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 317413 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 40000 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Миң-Булак айыл өкмөтүнүн сайтын ачууга - 20000 сом ;
-Айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация 20000 сом;
Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 50000 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-№ 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна таза суу киргизүү үчүн – 10000 сом;
-№ 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна косметикалык ремонту үчүн – 10000 сом;
-СПА нын ички арыктарын тазалоо үчүн – 30000 сом.
3. Айыл өкмөтүнүн маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына 227413 сом бөлүнсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |