Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 1
Айыл өкмөтүнүн балансындагы эксковаторун ижарага берүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын алтынчы сессиясы айыл өкмөтүнүн балансындагы эксковаторун ижарага берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн балансындагы эксковатор айылдын тургуну Усенов Абубакир Садыровичке келишимдин негизинде берилсин.
2. Ижара акысынан келип түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |