Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 3
2017-жылдын 31-мартындагы “Айыл өкмөтүнүн балансындагы эксковаторун ижарага берүү жөнүндөгү” №1-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы айыл өкмөтүнүн балансындагы эксковатордун элге кызмат көрсөтүү акысы жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн балансындагы эксковатор айылдын тургуну Усенов Абдубакир Садыровичке келишимдин негизинде берилсин.
2. Калкка кызмат көрсөтүү күйүүчү майы менен бирге 1 саатка 800 сом деп белгиленсин.
3. Калкка кызмат көрсөтүүдөн келип түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |