Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 5
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №451-токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |