Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 7
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы, жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт комитетинин 1 жылдык бюджети 120 000 сом;
Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы айына 4000 сомдон, бир жылга 48000 сом;
Бухгалтердин айлык акысы айына 1000 сомдон, бир жылга 12000 сом;
Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөм 17,25%-10350 сом;
Башка чыгымдар: иш сапар, канцелярдык товарлар, транспорт-9650 сом;
Жайыт комитетинин инфраструктурасын жакшыртууга-23392 сом;
Жайыт салыгы-13 008 сом;
Сатуудан түшкөн салык-3600 сом;
Жакынкы жайытка (Эчкилиге) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Алыскы жайытка (Күмүштак) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Жылкы, эшек ар бир башына 100 сомдон;
Уй, топозго ар бир башына 100 сомдон;
Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысы гектарына 1000 сом бир жылга;
2. Жайыт жолдорун оңдоого катуу көңүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |